АЧУУ I Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Жини, кыжыры келгендик, каар. Ачуу – душман, акыл – дос (макал). Эмнеге ачууң келип калды (Абдукаримов).
АЧУУ II Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Даам сезүү органдарын дүүлүктүрүүчү даам, таттуунун карама-каршысы. Даамы ачуу. Ачуу менен таттуунун Даамын таткан ким экен (Тоголок Молдо).
АЧУУ III Толковый словарь кыргызского языка. 2015 ач II этишинин кыймыл атоочу. Эшик ачуу. Мектеп ачуу. Жаратылыштын сырын ачуу. Айыбын ачуу.
АЧУУ IV Толковый словарь кыргызского языка. 2015 ач III этишинин кыймыл атоочу. Карды ачуу. Курсагы ачуу.